Президент Садыр Жапаров Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам 11-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам кыргыз каада-салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.
Ушул мыйзам менен Үй-бүлө кодексине жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык баланын фамилиясын кыргыз каада-салттарына ылайык төмөнкүдөй түрлөрдө жазуу укугу каралат:
– атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп же кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
– чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;
– чоң атасынын ысымы боюнча ага “тегин” деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп жазылат.
Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.