Мамлекеттик чек ара кызматы: Казакстандан алынуучу унга чектөө коюлган эмес

“Кыргыз мамлекетине Казакстандан киргизилүүчү мунай продукциялары менен унга чектөөлөр коюлган эмес”,- деп билдирди бүгүн, 12-октябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы. Мекеме кыргыз өлкөсүнүн жарандары кыргыз-казак чек арасынан каалаган көлөмдөгү унду уруксат кагазынын негизинде алып өтүшсө болорун, буга эч кандай чектөө жок экенин эскертти. 
Казакстан күйүүчү майларды кыргыз өлкөсүнө экспорттоого тыюу салганын белгилеген мекеме кыргыз-казак чек арасынан өтүүчү жарандар мамлекеттик көзөмөлдөн өткөнү тууралуу талон толтуруусу зарыл экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан