Салиев Алмаз Абдылдаевич Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Салиев Алмаз Абдылдаевич Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.