Парламенттик шайлоодо уткан партиялардын тизмесинен айрым талапкерлер чыгышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, 3 партиядан жалпы 18 талапкер чыгарылды. “Республика - Ата Журт” партиясынан 10 талапкер, КСДПдан 5, "Кыргызстан" партиясынан 3 талапкер өздөрүн тизмеден чыгаруу боюнча арыз беришкени айтылды.
Белгилей кетсек, талапкерлердин тизмеден чыгышы мандат бөлүштүрүү процессине байланыштуу болууда. "Айрым партиялардын ички тартиби боюнча, шайлоодо жетиштүү добуш алган талапкер тизменин арт жагында болсо, ага мандат берүү үчүн тизменин алдындагы, бирок аз добуш алган талапкерлер тизмеден алынышы керек болот. Бул нерсе мыйзамда каралган эмес, партиядагы алдын ала сүйлөшүүгө ылайык абийирдин иши",- деп билдирет БШК.