2015-жылдын январь айынан сентябрга чейин өнөр жай продукциясы 126,6 миллиард сом суммасында өндүрүлдү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,4 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн (39,2 пайызга), металл кендерин казуунун (алты эсеге) жана мунайзат продукциясын өндүрүүнүн (2,3 эсеге) көбөйүшүнө байланыштуу болду.
“Кумтөрдү” эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 2 пайызга көбөйдү",- деп билдирет мекеме.