Бүгүн, 13-октябрда Өкмөт үйүндө Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке берүүгө арналган жумушчу жыйын өттү. Анын жүрүшүндө заводду ишке берүүгө даярдыктар талкууланганын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Премьер-министр Темир Сариев бул заводдун иштеши мамлекет үчүн маанилүү жана аны ишке берүүнү тездетүү зарыл экенин белгиледи.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, заводдо 39 объект курулуп жатат. Учурда 30 объектте курулуш дээрлик аяктап, 8 объектте 85 пайызга, ал эми 1 объектте 50 пайызга бүткөрүлдү. Курулуш объекттерин ноябрь айына чейин бүткөрүү каралган.
Ал эми заводдун жетекчилиги учурда чийки зат менен камсыз кылуу боюнча Казакстан жана Орусия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Сариев чийки зат менен камсыз кылуу жана өндүрүшкө даярдоо боюнча иштерди тездетип, ноябрь айынын аягына чейин тесттик режимде ишке киргизүүнү тапшырды.