Кыргыз мамлекети менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү террорчулукка каршы күрөшүүнү талкуулашты

Бишкекте 12-октябрда Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер кызматкерлери биргелешип террорчулукка каршы күрөшүүчү десанттык-диверсиялык даярдыктарды талкуулашты. 
Коргоо министрлигинин билдиришинче, жыйында десанттык-диверсиялык топтордун түрдүү аракеттери, жөө жүрүштү жүргүзүүнүн тартиби, буктурмага туш болуудагы каршы чабуулдар, мина жана башка колго жасалган жардыруучу заттар менен күрөшүүнүн жолдору каралды. Жыйындын ачылышына Кыргыз Республикасындагы Түркиянын аскердик атташеси Гокхан Пекер, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Адил Иманалиев, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын өкүлдөрү катышышты. 
“Бүгүнкү күндө мамлекетибиз бардык өлкөлөр менен бирдей кызматташат жана эл аралык тынчтык менен тартипти сактоо иш-аракеттерин ар тараптан колдойт”,- деп билдирди Иманалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан