№50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаев шейшеби менен асынып алган

Чүйдөгү №50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG`ге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Телтаев СИЗОго киргизилгенден кийин ден соолугу начарлаганын айтып, ооруканага жаткырылган.

Эскерте кетсек, жакында №50-СИЗОдон кылмышкерлер качып чыгып, Бишкек дүрбөлөңгө түшкөн. Түрмөдөн качкандар жок кылынып, бирөөсү колго түшкөндөн кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан