Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-ноябрда таңкы саат 06:15те өлкө аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен. Жер силкинүү Чаткал районунун тоолорунда орун алып, Аксы районунун Кашка-Суу айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Таш-Көмүр шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта болгон. Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу айылында 5, Терек-Сай айылында 4, Жерге-Тал, Авлетим айылдарында 3-3,5 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
a.m.akmoldoev
2015-11-21 09:51:08
Аллахым айтырбай келген кырсыктан озу сактасын
+3
sagyn01
2015-11-21 10:10:24
Башка ммк ларга караганда бир топ тездик менен бердинер жанылыкты, жакшы корунуш, (жер титирегени албетте жаман)
+2
Apyy.
2015-11-21 10:14:56
Эх бугун эле уч жолу титиреди. Кудай сактап тынчылык эле болсун.
+2
Azim.00kg
2015-11-21 10:19:24
турайын деп жатат элем жанымда байкемдер бар эле алар уктап аткан. Жер титиреп келгенде мандраш болуп катып калдым.
+1
adimyrza
2015-11-21 10:32:31
кудай сактасын катту эле болду бизде да ноокенде, ыргып турдум уктап жаткан болчум
+1
ediko85
2015-11-21 10:35:39
Ташкомур шаары менен Чаткал 200км ашык туратко аралыгы кандайча Ташкомурдон 68чакырым тундук батышта брлсо Кербен шаарында болуп калатко тактап жазгыла....
+1
egiz-jigit
2015-11-21 14:44:13
ediko85, Кашка-Суу деп атбайбы Кербенден 10 чакырым алыста ошондо туура эле болуп калат
0
aruusham
2015-11-21 10:52:24
Эмне эле болуп жатат оо Жаратканым озун колдоочусун!
+3
Guljamal_2116
2015-11-21 23:01:53
ак уйдогу жеп-жутарлар(баары эмес)ушундай жер титироодо калып канча акча жединер бюджеттен"?,каймы адамдарды заказной олтурттунор"?-дер суракка алса,чыныдыкты айтып жооп беришсе кк эле...Башка эч нерсе,эч Ким таасир этпей калды го аларга.
0
Ainuuurka
2015-11-22 00:07:25
Кудайым озу сактасын жамандыктардан.Тункусун сак болуп уктоо керек жан керек болсо,сактыка кордук жок,сактанганды КУДАЙ сактайт.Сак болгула эл журт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан