Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 21-ноябрда үч ирет жер титирөө катталган. Алгач саат 06:15те катталып, очогунда 5 балл болсо, экинчи ирет 06:46да катталып, очогунда 2,5 баллга жеткен. Андан кийин саат 08:35те катталып, очогунда 4-4,5 баллга жеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаевдин алдын ала берген маалыматы боюнча, район акиминин буйругунун негизинде 8 адамдан турган Аксы райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясы (курамында 7 адам бар) тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Социалдык мекемелерден 7 объект (5 орто мектеп, айыл округдун имараты жана клуб) комиссия тарабынан иликтенип, жарака кеткен жерлер байкалган эмес. Кашка-Суу айыл округунун Өлөң-Булак айылында Топчубай Үрүстөмовдун жана Үсөн Үрүстөмовдун кошумча (времянка) үйлөрүнүн ички дубалдарынын айрым жерлеринен анча чоң эмес жаракалар байкалган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.