Базар-Коргондо кол алдындагы кызматкерин аткан чиновник 20-декабрга чейин СИЗОдо отурат

Кол алдындагы кызматкерин тапанча менен аткан Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев учурда СИЗОдо. Соттун чечимине ылайык, чиновник 20-декабрга чейин камакта болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Базар-Коргон районунун акими Таалай Долдоев SUPER.KG порталына билдирди. "Окуяны териштирген комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Кадрдык маселелер кыйын нерсе да, азырынча Тарыхчиевдин ордуна эч ким дайындалган жок",- деп билдирди аким.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Эмилбек Тарыхчиев кол алдындагы кызматкерине ок чыгарган. Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылып, бирок милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Мындан кийин Тайырбек Сарпашев жетектеген Мамлекеттик каттоо кызматында атайын комиссия түзүлүп, окуяны иликтөөгө киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
EdikoKG
2015-11-24 10:38:56
Эн жакшы. Камалып,жазасын алсын.
0
Aika96
2015-11-24 10:43:52
Балким коргонуу иреетинде аткандыр, тергоонун жыйынтыгын куто туралы. Экс зам.ген.прокурор деле коргонуу иреетинде аткан элего травматика тапанча менен. Бул деле коргонсо керек, жабырдануучу заявление жазбаганына караганда озу куноолуудойго.
0
avtogrand
2015-11-24 12:36:56
Коргонуу иретинде болсо ал биринчи эле куну айтып чыгат эле. Кадрдык маселе отоо кыйында, майли кайра келип иштесин кийинкисин атканда бир нерсе кылар аким
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан