Египетте мейманкананын алдында жардыруу болуп, 3 адам каза тапты

Бүгүн, 24-ноябрда Египетке караштуу Синай жарым аралынын түндүгүндө жайгашкан Эль-Ариш шаарындагы мейманканалардын биринин жанында жардыруу болду. Анын кесепетинен 3 адам каза таап (бирөөсү полиция кызматкери), 12 адам жаракат алганын Египеттин маалымат булактары жарыялашты.

Полициянын маалыматына караганда, жардыруу парламенттик шайлоого байкоочулук кылган соттор жашаган мейманкананын жанында болду. Денесине бомба байланган жан кечти автоунааны мейманкананын кире беришине чейин айдап келип өзүн жардырган. Унаанын ичинен жан кечтинин дене мүчөлөрү табылды.

Египетте дагы бир мейманкананын жанында жарылуу болгон, факт учурда такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Battu
2015-11-24 21:13:12
Эмне эле болуп баратат бул жан кечтилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан