Өлкөнүн түштүк аймагында орун алган жер титирөөнүн күчү 4,7 баллга жетти

Бүгүн, 24-ноябрда саат 20:45 чамасында өлкөнүн түштүк аймагында кайрадан жер титиреди. Жер силкинүү тууралуу маалыматтар SUPER.KG порталына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан, Ош облусунун Алай, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан келүүдө.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, жер силкинүүнүн күчү болжол менен 3-5 баллга чейин сезилди. Азырынча кыйроолор болгону боюнча маалыматтар түшө элек.

Бүткүл дүйнөлүк жер титирөөлөрдү каттоочу борбордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 37 чакырым чыгыш тарапка карай, Өзгөн шаарынан 24 чакырым түштүк тарапка карай жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү очогунда 4,7 баллга жетти.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районундагы Чайчи айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышты карай, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан 7 чакырым түндүк-батышты карай, Алга-Бас айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышты карай, Гүлчө айылынан 20 чакырым түндүк-батышты карай жана Ош шаарынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашканын маалымдады.

Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 4,5- 5 балл, Гүлчө айылында 4 балл, Өзгөн районунун Кара-Шоро эс алуу жайында 4 балл, Кара-Суу районунун Чайчи айылында 4,5-5 балл жана Ош шаарында 3,5 баллга жетти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kypkyrgyzz
2015-11-24 21:18:01
Безилдедип койду го качан токтойт болду екен?
+8
Sayragul
2015-11-24 21:19:27
Ооба, болду. Оорукчан болуп кала турган болдук. Кудайым озу
сактасын .Буттарыбыздын титирегени али басыла элек.
+4
admin_portal
2015-11-25 14:04:11
Sayragul, uz.nookat, boyka.kg - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
boyka.kg
2015-11-24 21:20:23
Ошто азмаз силкинди 3 дегенге ишенбейм.
-9
Alpengold.
2015-11-24 21:30:02
boyka.kg sayragul туура эле айтып жатат. Мен бир эле сенен угуп жатам калган баары журогум дале айыга элек деп эле укпасам. Анан 3 эме 4-5 болду окшойт аябай эле катуу болдуго. Тез эле отуп кеткенге кээ бири сезбей калдынар окшойт
+3
Nadir27
2015-11-24 21:31:50
Азыр дагы бир болсо кайтты окшойт
0
mts0001
2015-11-24 21:34:09
журокзаада болуп буто турган болдукго кудайым озун сактай кор элибизде тынчылык болсун
+7
Omur
2015-11-24 22:14:55
Кийимчен эле жаткыла качып чыкканга оной
+10
Karysh
2015-11-24 22:46:12
Азыраак сезилди ош шаарда аллахым өзү сактасын аман бололучу
+3
Mars55
2015-11-24 23:28:37
Оо мусулман бир тууган урушуп талашбагыла .......
+4
ularik_kg
2015-11-24 23:37:32
Эми айылга барып эсимден чыгарып келдим эле, дагын коркуп баштадык, 5 этаждабыз бизге жаман билдирди.
0
a.m.akmoldoev
2015-11-24 23:43:38
Мусулман бир туугандар урушпагыла.
Бул болсо да адамдардын пейилине жараша болуп жатат. Кырсыктардан АЛЛАХЫМ озу сактасын
+5
Bakush22
2015-11-25 00:39:31
boika.kgди талагыла эми баарынар. Cезбепсе сезбептир да анын сезгич органдарынан бери айтуунун кажети барбы, балким иш менен алек болгондур. Озунор деле сезбесенер керек элден угуп алып эле калп эле
-1
Dinaa
2015-11-25 01:21:15
Bakush22, +++
0
bosmos777
2015-11-25 01:08:27
Жараткан сактасын!!!Кайталанбасын !!!
+4
Aijarkyn.82
2015-11-25 08:29:59
мен деле сезбептирмин балдарымды ойнотуп олтургам же ноокатта болбодубу
0
Elime
2015-11-25 22:53:45
Кудай сактасын боодо кырсыктардан.Акыркы убакта тез тез кыймылдап атат го.Адамдардын пейили да бузулду.Тынчтыкта,биримдикте, ынтымакта омур кечирели кыргыз элим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан