Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жооп берүүдөн 2 аптадан бери баш тартууда

КРнын Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча суроого жооп берүүдөн 2 аптадан бери баш тартууда.

11-ноябрда SUPER.KG порталынын журналисти ИИМдин басма сөз кызматынын электрондук почтасына төмөнкүдөй суроо жөнөткөн: "Саламатсызбы, урматтуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сейитов Бакыт Сейитович! SUPER.KG порталынын окурмандарынын суранычы менен сизге кайрылып жатабыз. Окурмандарыбыз 2014-жылдын 17-мартында Байтик айылынын чекесинен жансыз табылган жаш кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча сурашууда. Тергөө иштери аяктадыбы? Кандай жыйынтык чыкты?"

Журналист ушул эле күнү ИИМдин басма сөз кызматына телефон чалып, электрондук каттын өз дарегине жеткенин тастыктаган. Андан бери эки апта өттү, бүгүн, 25-ноябрга чейин мекемеден эч кандай жооп келе элек.

Мындан тышкары аталган маселе боюнча оозеки жооп алыш үчүн ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов менен жолукканда, ал Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымат алууну айтты. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы өз кезегинде чуу жараткан окуялар боюнча Бакыт Сейитовго кайрылуу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

6-майда ИИМден кабарлашкандай, Камиланын денесин кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок катуу физикалык күч колдонулганы аныкталган эмес. "Бардык буюмдары жанында болгон. Мындан улам кылмышкер аны атайлап өлтүрбөгөн болушу мүмкүн. "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болгон" деген да версия каралып жатат",- дешкен ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
mashirapova
2015-11-25 09:22:24
жаткан жери жайлуу болсун
+3
filmgoers
2015-11-25 09:22:55
Ата-энесинечи байланыштынарбы? Балким алар бир нерсе билишет? Алардан дагы комментарий алсанар.
+1
Elime
2015-11-25 09:23:08
Аябай окунучтуу ушул кунго чейин бул иштин бети ачылбай жатканы.Чондорубуздун тиешеси бар учун да ушундай болуп жатса керек болбосо бироонун мойнуна койуп эле ишти жаап салышат го.
+3
bayas.07
2015-11-25 09:53:16
жооп күтөбүз эми, кандай болоор экен э?
+3
Aiko_92_29_08
2015-11-25 10:25:26
Бул белгилуу адамбы не?
-4
ainuska00
2015-11-25 11:01:29
Aiko_92_29_08,белгилуу адам болбосо да бироонун чырактай кызы болгон,бироонун болочоктогу жубайы болмок...Ошол белгилуу адамдар аралашып калганы учун ,ушул иш таза каралбай атат...Министр Турганбаев жаны кызматка келгенде ушул иштин аягына чыгам деп айткан,бирок бугунку кунго чейин эч кандай жыйынтык жок.Ата энесине кыйын,баланын куйуту жаман.
+4
abdulazizjak
2015-11-25 11:07:02
урматуу супер инфо гезити!! сиздерден сураныч Руслан абасовдун тергоо иштери бойунчада жазып койунуздарчы.
+1
admin_portal
2015-11-25 11:10:58
abdulazizjak, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
ELIZ_RUS
2015-11-25 11:13:19
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
Quartz
2015-11-25 12:18:21
Kyzyksynar go. Ech kandaj dalilsiz biroolordu karaloo tuura emes. Oz uchurunda ichki iwter kyzmaty da iwtebegeni okundurot.
0
Alixan-Nookat.2015
2015-11-25 12:29:44
Жаткан жери жайлуу болсун! Камиланын олуму боюнча тез арада кунолуу табылат деген эле ошол кезде Бишкек шаардык ИИБ башчысы улуу урматтуу Турганбаев,Министр болгондо жеке менин козомолумдо сурак журуп жатат чекеси чыгып калды деген эле.Жеке козомолумдо дегенден кийин жыйынтык чыгарбайбы.
0
maks1980bishkek
2015-11-25 12:45:25
Урматту Супер Инфо жамааты!ишиниздерге ийгилик чыдамсыздык менен кутуп,суйуп окуйбуз!Сиздерден сураныч куйоосун жиликтеп салган келин жонундо маалымат берсениздер.тергоосу болуп жатабы,балдары кимде калды ошолор жонундо жазсаныздар.Чон ракмат кутобуз!
0
admin_portal
2015-11-25 13:50:34
maks1980bishkek, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
ediko85
2015-11-25 13:07:38
Атасы мн тен кишилер мн ойносо ушундай болот озу кунолуу баарына акчага кызыгып жургон да бул кыз акыры ушундай болду ...бирок олгон адамды жамандабайт дешет эле кудай озу кечирсин
-3
jetinur90
2015-11-25 13:35:16
тируулор силерге баарыбир,сураныч,олгондор корундо тынч жатсынчы. Кылмышкер ким экени ясно,анын бычагы май кесип турат азыр. Тирилтип ала албайсынар,койгулачы ушундай адаттарынарды.
+1
shah_85
2015-11-25 14:05:44
келип тушкон ар бир кайрылуу (жазуу, электрондук ж.б) 14 жумушчу кундун ичинде каралып жооп берилиши керек, Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдын 8- беренесине ылайык. 14 жумушчу кун дегенде демек 11 де тушсо кайрылу 1- декабрга чейин моонот бар Анан ызы чуу чыгарып жазсанар болмок. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес жана силердин дооматынар негизсиз деп табылат!!!!
0
karakchyyy
2015-11-25 14:15:29
Супер Инфо чын эле суперсиздер ишиниздерге ийгилик калеминиздердин мизи майтарылбасын азаматсыздар. Жогоруда айтылгандай чын эле кутуп окуйбуз жеке мен кыргызча сайттардан сиздердин сайтыныздарды абдан баалайм эрте мененки Ишим биринчи сиздердин сайтыныздарды окуудан башталат. Ылайым мындан да кучтуу дем менен иштениздер.
0
karakchyyy
2015-11-25 14:27:50
Дагы бир арзыбас сунуш админге кире албадым ушул жерге калтырсам урушпайсыздар деген ойдомун. Эл аралык жанылыктарды ж.а кыргыз саясаты же саясатчылары бойунча жазгандан сон Жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин (М;саясат таануу же маданият таануудан сабак бергендерден) ойун сурап пикирин жазсаныздар. Мен универде окуганда саясат таануудан Берген мугалим сонун кылып тушундуруп берчу да азыр ошол жетишпейтат ОшМСУ да Сариева Г деген Эжеке укмуш серептеп тушундурчу да
0
admin_portal
2015-11-25 14:39:59
karakchyyy, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан