Түп районунун тургуну 9 килограмм баңгизат менен кармалып, камакка алынды

Түп районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө марихуана затын мыйзамсыз сактаганы үчүн Чоң-Тогузбай айылынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу 25-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Эрлан аттуу 35 жаштагы жаран өз үйүндө маңзат сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Ал жарандын үйүн тинтүү учурунда 9 килограмм баңгизат табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан