Чүй облусунун 79 жаштагы тургуну 11 күндөн бери изделүүдө

Чүй облусунун 79 жаштагы тургуну 11 күндөн бери изделүүдө. Муну 25-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун милициясы Жээк айылынын 1936-жылы төрөлгөн Көчөрбай Карасартов аттуу тургунун издөөдө. Ал быйылкы жылдын 14-ноябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Жакындары билдиргендей, анын эс тутуму начар. Жоголуп кеткен күнү ак калпак, кара костюм жана бутуна өтүк кийип жүргөн.

Милиция жогорудагы карыяны көргөн-билгендерди (0312) 61-69-07, (03132) 5-21-47, (0701) 23-00-33 телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dasta
2015-11-26 08:07:02
Журсо керекта гуляй тетип бир жерде
-11
nakiw
2015-11-26 09:34:01
dasta, кагылайын орусча билбесен кыргызча эле жазчы.и вообще гулять эте турган жашта эмес чон ата адашып калган,ойлонуп анан жазчы.
+7
a.m.akmoldoev
2015-11-26 08:15:17
аман эсен эле болсун
+9
beben
2015-11-26 08:32:44
Аталар аман болсун ден соолугу менен уйуно кайтсын чон ата .
+10
Medina87
2015-11-26 09:15:23
Аман-эсен табылып калсын. Атанын эс тутуму начар экенин биле тура озун жалгыз чыгарбоолору керек экен эле.
+5
kobra86
2015-11-26 09:24:32
Medina87, Басып кеткенин байкабай калышкандырда эмнеси болсода аман эсен дени сак табылып калсын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан