К.Маликовго кол салган кылмышкерлерге жардамдашкан эки жаран кармалды. Алардын үйүнөн экстремисттик китептер, учтуу, миздүү жана ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, белгилүү теологго кол салгандар “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды. Ал эми Кадыр Маликовдун иши "бейбаштык" беренесинен "адамды өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесине өзгөртүлдү.
Айта кетсек, буга чейин милиция Маликовду бычактаган эки жарандын өздүгүн аныктап, аларга эл аралык издөө жарыяланган. Алар: Нарын шаарынын тургуну, 1987-жылкы Алибек Тилек уулу жана Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу, 1986-жылы туулган Ырыскул Бейшеналиев. Белгилүү болгондой, кылмышкерлер окуя болгон соң тезинен Казакстандын аймагына чыгып, ал жерден Түркияга учуп кетишкен.
Учурда укук коргоо органдары жогорудагы адамдарды Октябрь районунда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин ишине тиешеси бар же жок экенин текшерүүдө.