"Пенсионерди тоногон" деген шек менен Ысык-Көлдүн 2 тургуну кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 13-январда Караколдогу үйлөрдүн бирине таңкы саат 06:00 чамасында эки белгисиз жаран уурулукка киришкен.
Кылмышка шектүүлөр пенсионерди жип менен байлап, анын уюлдук телефонун, 650 сомун жана курулушта пайдалана турган электр шаймандарын алып кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 34 жаштагы С.Д. жана 22 жаштагы Н.К. кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.