Чүй облусунда мас абалдагы айдоочу айым унаасы менен жол боюнда турган эки унааны сүзүп кетти. Бүгүн, 1-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгы Ленин айылында болгон. Анда Лексус-470 үлгүсүндөгү унааны башкарган мас абалдагы айдоочу айым жол боюнда турган Мазда жана Спринтер үлгүсүндөгү унааларды сүзүп кеткен. Натыйжада унаалардын бактары жарылып, өрт чыгып кетүү коркунучу жаралган. Куткаруучулар бактарына кум чачып, унаалардын аккумуляторлорун чечишкен. Өрт өчүрүүчүлөр төгүлгөн бензиндерге суу чачып, жолду тазалашкан.