Бишкекте айдоочу аял кишини сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу 24-март күнү “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн саат 05:31 чамасында аталган кызматка Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ататүрк атындагы эс алуучу жайдын жанынан белгисиз айдоочу аял кишини сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 35-40 жаштардагы аял каза болуп калганын аныкташкан. Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында, айдоочу аялды сүзүп, токтобой качып кеткен.