Экс-депутаттын 19 жаштагы небересинин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча патрулдук милициянын маалыматы жок

Экс-депутат Жанкороз Каниметовдун 19 жаштагы небереси менен жергиликтүү телеканалдардын биринин кызматкери жол кырсыгына учураганы тууралуу маалымат Жол-патрулдук милициясында катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жанкороз Каниметовдун 19 жаштагы небере кызы катуу ылдамдыкта келе жатып Абдрахманов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен жергиликтүү телеканалдардын биринин кызматкеринин жана дагы бир айдоочунун унаасын сүзүп кеткен. Айдоочулар ич ара сүйлөшүп, күнөөлүү тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүнү убадалаган.

Жол кырсыгында жапа чеккендердин бири Фатима Узбекова бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына күнөөлүү тарап жоопкерчиликтен качып жатканын жазып чыкты. "ЖКнын экс-депутаты Жанкороз Каниметов 19 жаштагы небере кызына 10 күн мурун айдоочулук күбөлүк сатып берип, Лексус LX унаасын айдатып бөөдө кырсык кылып, бир эмес, эки унааны талкалап коюп качып жүрөт. Сакалдуу кишиге мындай кылык жарашпайт, уят болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ediko85
2016-04-26 21:04:26
Патрульдук милиция кантип корсун аны коройн деп атса чон атасы депутат болсо корбойтта......
+3
bakyt_7
2016-04-26 22:36:29
Коро койом деп балееге кабылбайын деп башка кочо менен отуп кетти да
+10
brit
2016-04-26 22:50:53
bakyt_7,туура айтасыз
+2
abdrakhmanovich
2016-04-26 23:12:07
Айдоочулар ич ара сүйлөшүп алган дейт! Кудай сактасын сиз деле кабылсаңыз көрбөй коюңузчу деп суранмаксызда. Бирөөнү сындап эмне кылабыз?!
-2
dubai
2016-04-27 01:41:59
конечно жок!))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан