Кыргыз химия-металлургия заводуна радиациялык коопсуздуктарды сактабагандыгы үчүн 2000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кызматтын тийиштүү адамдары Кемин районундагы калдыктарды сактоочу жайды текшерүүгө алган маалда радиациялык коопсуздук сакталбаган фактылар аныкталган. "Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, башка талаптарды эске албагандыгына байланыштуу аларга 2000 сом өлчөмүндө айып салынды", - деп айтылат маалыматта.