Бишкек шаарында "37 жаштагы аялын өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 24-декабрында саат 20:45 чамасында Октябрь районунун нөөмөт бөлүмүнө "аял өзүн өзү өлтүрдү" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери батирдин ичинен полдо жаткан 37 жаштагы К.Н. аттуу аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Анын денесин кароо учурунда бир нече жаракаттар табылган.
Бул факт боюнча "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренесинин 1-бөлүгү (коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын дайыма кемсинтүү аркылуу адамды өзүн өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 26-апрель күнү кылмышка шектүү катары маркумдун 40 жаштагы У.Н. аттуу күйөөсү кармалды. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.