Бишкек шаарында зордуктоо фактыларына шектелген эки жаран кармалды

Бишкек шаарында зордуктоо фактыларына шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы К.Ж. аттуу аял кайрылган. Ал саат 02:30 чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен К. аттуу жаран күч колдонуу менен зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 41 жаштагы К.К. аттуу шаар тургуну кармалган.

Ушундай эле арыз менен 20 жаштагы Н.Э. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 23:40 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунан С. аттуу жигит аны Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасынын ичинен зордуктаганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.С. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда бул эки факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakytbek.Satibekov
2016-04-27 16:41:26
тушунуксуз машинада эмне кылып журот тундо оздору шерик
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан