Борбордо "өспүрүм кызды тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 150 сомун алып кеткен" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада "өспүрүм кызды тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 150 сомун алып кеткен" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 16 жаштагы кыз кайрылган. Ал 25-апрель күнү саат 22:00 чамасында "Ош базарынын" жанынан 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз адам тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 150 сомун алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ж.Б. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
toni_1984
2016-04-27 16:48:37
ХХХ ХХХ кылмышка шектуну 10 жылга камаш керек ушунчалык болуп кеттиби 150 сом жана телефон учун тапанча менен коркутуп.....
+1
admin_superstan
2016-04-27 17:34:41
toni_1984, ката тапсаңыз, катаны
белгилеп, Ctrl+Enterди бассаңыз жетиштүү.
-2
aikokul14
2016-04-27 16:53:35
Эркек болбой кал,ушу 150 сом таппай зар калсан олуп эле албайсынбы.
+3
Ashka
2016-04-27 17:15:24
Кобуроок акчасын албайбы,таппанча такаганга жараша.)))))
-3
abusait
2016-04-28 11:11:19
Ashka,сага тапанча такасынчы, кантип туруп берер экенсин корот элек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан