Борбордогу кафелердин биринен кардардын уюлдук телефонун уурдоого шектелген 2 кыз кармалды

Борбордогу кафелердин биринен кардардын уюлдук телефонун уурдоого шектелген 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы М.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен саат 02:00 чамасында белгисиз адамдар анын 9 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Н.Н. жана 25 жаштагы У.М. аттуу кыздар кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baisan93
2016-04-27 22:18:35
жашоо эмне болуп баратат ушулардан төрөлүп тарбия алган балдар кандай адам болот экен тобоо
+2
Medina87
2016-04-28 00:12:27
Жашы отуп эле калган немелер экен, бирдеке деп айтуу да кыйын...
0
Mystery
2016-04-28 02:41:16
Супер инфонун сайты озунчоле мвд нын сайты болуп калды го акыркы куну. Мвд бут жака катуу пиарланып атышат. Супер инфо маанайшат газета беле. Жаман корбогуло э.
+2
romantik
2016-04-28 04:19:19
Кризис.Адамдарды ар кандай кадамдарга барганга турткулоп жатат окшойт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан