Борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринин жанынан унаанын эшигин бузуп кирип, 17 миң сом уурдоого шектелген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине арыз менен 36 жаштагы Т.А. аттуу аял кайрылган. Анда ал 26-апрель күнү саат 16:00 чамасында 12-15 жаштар чамасындагы эки бала 7-кичи райондогу төрөт үйүнүн жанынан Nissan Primera үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бузуп кирип, 17 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы А.И. жана К.Ч. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.