Чүй облусунда унаасы менен тургунду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда аталган облустун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июнь күнү саат 02:30 чамасында Чүй облусундагы айланып өтүүчү жолдо белгисиз айдоочу Бишкек шаарынын 38 жаштагы П.У. аттуу тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, изи сууй электе Москва районунун 26 жаштагы О.А. аттуу тургунун колго түшүрүшкөн. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, кармалган жаран Аламүдүн райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.