Алай районунда сел жүрүп, 10 турак үйдүн айланасын суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21-июнда берген маалыматына караганда, 20-июнь күнү саат 16:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Гүлчө айыл аймагындагы Жылуу-Суу айылында сел жүрүп, 10 турак үйдүн айланасына жана короолоруна суу кирген. Окуя болгон жерге Алай райондук жарандык коргонуу комиссиясы чыгып, тактоо иштери жүрүүдө.