Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-июнь күнү Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 78-чакырымында болгон. Анда Хонда Стрим унаасын айдап бараткан Чолпонбек Асанбеков унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен айдоочунун апасы - 1965-жылы туулган Ж.А.О. кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми айдоочу оор абалда Тоң райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.