Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин Жогорку Сот 11-июлда карай турганын аталган мекеменин маалымат кызматынан 22-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо чечими Азимжан Аскаровдун жана анын жактоочусунун жазган арызынын негизинде кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр ал абакта.