Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-июнь күнү түшкө маал Кара-Көл шаарынын Муздак-Булак аймагында болгон. Анда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тарапта келе жаткан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен Степвагон унаасындагы Чолпонбек Камбаров, Жунушбек Ташпулатов, Бектур Абазов, Мирсадык Нурбаев, Анвар Искендеров жаракат алышса, Жыргалбек Атамбеков каза тапкан. Ал эми Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Мелис Асанов жеңил жаракат алган.
Айта кетсек, Степвагон үлгүсүндөгү унаанын ичиндегилер Жалал-Абад облусунун медициналык окуу жайынын кызматкерлери болушкан. Алар Ысык-Көл облусуна спорттук мелдешке катышуу үчүн баратышкан.