Аксы районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор бузулду

Аксы районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор бузулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июнга караган түнү аталган райондун Кара-Суу айыл аймагында катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Өлөң-Булак, Тосту, Кара-Башат айылдарына баруучу ички чарбалык жолдорду сел суулары жеп, жеңил унаалар үчүн кыйынчылык жаралган. Ошондой эле Чарбак айылындагы 15 үйдүн короо-сарайларын сел каптаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан