Базар-Коргондо Арстанбап суусунун деңгээли көтөрүлүп, эки айылга өтүүчү көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралды

Бүгүн эртең менен катуу жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргондо Арстанбап суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Алма, Кош-Терек айылына өтүүчү көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралган. Бул тууралуу 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогоруда аталган эки айылда 400 кожолук бар. Ошондой эле Арстанбап суусу ашар жолу менен салынган эгин талааларына өтүүчү көпүрөнү алып кеткен. Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан