Таласта атайын өстүрүлгөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-июнь күнү Талас районунун Сары-Булак тилкесиндеги Эргул-Сай капчыгайында чек арачылар белгисиз адамдар тарабынан атайын өстүрүлгөн 50 сотых кара куурай таап, аны жок кылышкан.