"Кумтөр" келишимдерин түзүүдөгү коррупция боюнча ишти тергөө кайрадан жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш иштин негизинде КРнын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге, мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге, мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбековго, эксперттер тобунун мүчөлөрү Эмирлан Төрөмырзаевге, Елена Белковскаяга жана “Комеко Голд Инк.” компаниясынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюкка издөө жарыяланды. Учурда жогоруда аты аталгандарды издөө жана кармап кыргыз өлкөсүнө алып келүү иштери жүргүзүлүүдө.