26-июндан 27-июнга караган түнү өлкө аймагында 6 ирет жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын аймагында 26-июндан 27-июнга караган түнү 6 ирет жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтуна таянып берген маалыматына караганда, жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Маалым болгондой, саат 17:16да жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын Тажикстан жана Кытай менен чектешкен аймактарына жакын жерде орун алган. Анын күчү 6-7 баллга жеткен. Ош облусунун аймагында 4-5 балл, Баткен облусунун аймагында 3, 5-4 балл, Нура айылында 6 баллга сезилген.

Ал эми 18:21де да өлкө аймагында күчү 3, 4-5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга жеткен. 20:21де да катталган жер силкинүүнүн күчү 4 баллга жетип, Бор-Дөбө айылында 4, Нура айылында 3,5 баллга сезилген. 20:58 мүнөттө кайрадан эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында жер силкинип, күчү 3,5 баллга барабар болгон. Анын күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллга байкалган. Ошондой эле саат 00:04тө жана 00:51де Алай районунда жер силкинип, Бор-Дөбө, Нура айылдарында күчү 2,5 жана 3 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
MinuTolik
2016-06-27 08:50:43
Kudaiym ozu Saktasyn!bir kundo 6 jolu degen oto ele korkunuchtuu. Jer kotoro albai atat degen uwul okwoit adamdardyn peyilin
+3
aipo89
2016-06-27 08:53:54
Жараткан,ар кандай айттырбай келген алааматтан сактай кор!!!Кыргыз элибиз тынч болсо экен ар дайым!
+2
madina.87
2016-06-27 08:55:57
Аллахым куноокор пенделеринди озун сактай кор!
Боодо кырсыктардан асыра.
Бирок мен бирин дагы сезбептирмин.
+4
Araika
2016-06-27 09:13:45
Мен уктап жатсам жер силкингендей болду толук биле албай калдым ойгонуп эле жолдошумду ойготтум сездинби десем чарчаган неме жоок жер силкинбеди тушуно кирсе керек деп койот. Ишенбей эрте м.н супер инфого кирсем жок экен точна жоолупмун деген элем. Аллахым озу сактасын айттырбай келген кырсыктан. Куноолорубузду кечирсин жараткан!
+2
s5kgbal
2016-06-27 09:20:49
Пейлинерди ондоп нормальный болсонор титиребейт Баткендиктер!
-7
Usow
2016-06-27 09:55:29
s5kgbal,сенин пейлин ушундай бойдон кете берсе сага да Аллахтын бир коргозгусу бар биринчи сен озундун пейлинди ондогун да кудайдан кечирим сура орозочулукта мусулманды акарат кылганын учун.
+5
nazira...
2016-06-27 09:34:14
4-5 баллдан деле кобуроок болду окшойт. Баарыбыз сыртка атып чыктык го.
-3
Patriot..kg
2016-06-27 09:48:12
Мага эч сезилбеди же Токтогулда титиреген жок окшойт
0
dobrajelatel
2016-06-27 09:50:21
6 жолу дегенди окуп жатып денем титирей тушту. Тынччылык эле болсо экен. Пейилибиз бузулду айбандан жаман болуп. Бул да болсо жараткандын эскертуусу, нааразычылыгы.
+5
Usow
2016-06-27 10:11:42
dobrajelatel, туура айтасын негизи озубузду ондошубуз керек кандайдыр кылган куноолорубуз учун Аллахтын каары келип ататко деймин Аллах озу сактасын
+5
nemo2016
2016-06-27 10:26:19
Бизге дуба кылган аалымдарыбызга жана алар мн кошо колун ачып дуба кылган момун мусулмандарга рахмат ошолордун дубасы мн Кыргызстан тынчтыкка жашап жатабыз оо Аллахым биз куноокор пенделеринди озун кечир
+4
Bakyi
2016-06-27 10:47:40
nemo2016,Айткан созун акыл болсо
Уккан кулак макул болот
Эн еле туура айттыныз
+1
japardos
2016-06-27 10:33:13
Аллахым озу сактасын
0
take.kg86
2016-06-27 11:24:02
Аллахым өзүң сакта
0
Kara-balta
2016-06-27 11:33:45
Кудай сактаа 6 жолу дейби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан