Манас районунда Талас дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө

Талас облусунун Манас районунда Талас дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июнда Үч-Коргон айылынын аймагынан агып өткөн Талас дарыясынын нугу өзгөрүлүп, узундугу 30-35 метр, туурасы 3 метр сол жак жээкти суу жеп, Тараз-Покровка-Талас унаа жолун жеп кетүү коркунучу жаралган. Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 1 жүктөгүч, 1 КамАЗ жана айыл аймактан 15 адам тартылып, жээк убактылуу бекемделди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан