Жалал-Абадда Жол-эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абадда Жол-эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизинде Жол-эксплуатациялоо ишканасында мыйзам бузуулар аныкталган. Жоопкерчиликтен качуу максатында аталган ишкананын жетекчиси 5-бөлүмдүн кызматкерлерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан