Бүгүн, 27-июнь күнү эртең менен кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 08:32 чамасында кыргыз-тажик чек арасында болгон. Анын күчү 3,5-4 баллга жетип, очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты карай 33 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 35 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор жок.