Чүй облусунда "баңгизатын сатуу менен алектенген" деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-июнь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Аламүдүн районунда Баткен облусунда туулган 22 жаштагы А. уулу Н. жана 21 жаштагы С. уулу А. кармалган. Алардын спорттук сумкасынан 4 килограмм 455 грамм гашиш табылган. Учурда кармалган эки адам жана далил зат Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.