Бишкекте зер буюмдарын саткан дүкөндү тоноого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 14-март күнү саат 13:20 чамасында “Дордой” базарындагы зер буюмдарын саткан дүкөндө болгон. Анда эки белгисиз адам сатуучуларга тапанча такап, жалпы баасы 7 миллион сомдон ашык алтын буюмдарын алып кетишкен. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы Б.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.