Нарын шаарындагы №87-кесиптик-техникалык лицейдин директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган лицейдин директору Т.К. жана лицейдин эсепчиси Ш.А. жасалма документтер аркылуу “8 кызматкерди жумушка алдык” деп буйрук чыгарышып, аларга мыйзамсыз эмгек акы чегеришкен. Анын кесепетинен мамлекетке 287 миң сом зыян келтирилген. Учурда “кызматтык жасалмачылык”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.