Бишкектеги Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак 3 күндөн бери иштебей турат. Бул айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратууда. Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун: “26-июнь күнү жол кырсыгы катталып, бир унаа жол чыракты сүзүп кеткен. Ошондон бери бул көчөлөрдүн кесилишиндеги башка жол чырактар да иштебей турат. Тиешелүү кызматтагылардын эч кимиси көңүл бөлгөн жок. Ал эми сынып, кулап калган жол чыракты кечээ гана алып кетишти”, - деп билдирди.
Ал ортодо бүгүн саат 9:30 чамасында так ошол көчөлөрдүн кесилишинен Хонда Фит жана Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүштү. Унаалардын айдоочулары кырсыктын келип чыгышына жол чырактын иштебегендиги себеп болгонун айтышууда. Өзүн Хасан деп тааныштырган Хонданын айдоочусу окуя тууралуу буларды айтты: “Фрунзе көчөсү менен күн батыш тарапка бараткам. Жол чырак иштебей, күйүп-жанып турган экен. Унаалар тыгында туруп калышты. Фрунзе көчөсү башкы болгондуктан, жол биздики эле, айдап баратсам Исанов көчөсүнөн бир унаа чыга калып, аны сүзүп алдым. Ал унаанын айдоочусу өз күнөөсүн моюнуна алып, өз ара чечишип алалы деп жатат. Негизи, жол чырактар иштебесе, жол-кайгуул кызматкерлери унааларды жөнгө салып турушу керек эле да”.
Ал эми жол кырсыгына күбө болушкан милиция кызматкерлери көрмөксөн болуп кетип калышты. Алардын бирине кайрылып “Жол-кайгуул кызматын чакырып койбойсуңарбы?” деп суроо узатканыбызда ал “өздөрү чакырып алышсын” деп тим болду.