3 күндүн ичинде өлкөдө 35 жолу жер титирөө катталды

3 күндүн ичинде өлкөдө 35 жолу жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Маалым болгондой, 26-июндан 29-июнга чейин Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында, Алай тоо кыркаларында бардыгы болуп 35 жолу 3 баллдан 7 баллга чейин (автошок) жер титирөөлөр кайталанып турду. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында орточо эсеп менен 4-5 баллга сезилүүдө. 29-июнь күнү саат 3:38де болгон жер титирөө Ош облусунун Бор-Дөбө айылында 7 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кара-Киндик айылдарында 6 балл, Нура, Эркеч-Там айылдарында 5-6 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2016-06-29 08:57:16
Аллах сактасын баарыбызды
+2
salimbek87.kg
2016-06-29 10:05:37
Аллахым озун сакта айтпай келген кырсыктардан кыргыз элимди ,Аллахым тынчтык бергин кыргыз элиме.
+2
madina.87
2016-06-29 11:34:26
Алла Тааламын кереметиби билбейм ,айтоор мен бирда жер титироону сезбей атам.
Ии сезбей эле коеюн.
Элиме тынчтык бере кор ээ Жаратканым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан