Сузакта дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кыз табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-июнда Достук айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Перизат Арстанбекова жоголгон. Куткаруучулар туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок азырынча жыйынтык жок. Издөө иштери бүгүн да уланат.