Таласта айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып баратып жол кырсыгына кабылды

Таласта айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, из жашырып баратып жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-июнь күнү саат 23:20 чамасында Талас шаарында болгон. Анда 1994-жылы туулган Т.С. аттуу айдоочу унаасы менен 1968-жылы туулган И.Н. аттуу шаар тургунун сүзүп алган. Бирок ал жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу ошол эле түнү катуу ылдамдыкта баратып жол жээгиндеги теректи сүзүп алган. Унаанын ичиндеги 1997-жылы туулган У.А. аттуу кыз ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ALMAW94
2016-06-29 15:54:03
качып эмнен бар шорду(((
0
Aidowi
2016-06-30 09:06:43
Кайтар дуйно
0
uli0404
2016-06-30 12:10:53
Даагы ылдамыраак журуш керек эледа кызына мактанып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан