Таласта Бишкек шаарынын тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1986-жылы туулган С.Садыралиев арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнүн жанында токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.Н. кармалган. Ал Талас районунун Чат-Базар айылында унаага май куюп жатканда колго түшкөн. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.