Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өрттө каршы башкармалыктын жетекчиси Данияр Таиров бүгүн, 30-июнь күнү маалымат жыйынында билдирди.

Айта кетсек, өрт саат 23-июнь күнү саат 20:35 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө 11 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, дээрлик 7 саатта толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу №190-үйдүн 3000 чарчы метр, жыгач устундуу, черепица менен жабылган чатыры толугу менен жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн. Өрт учурунда каза тапкандар жана жабыркагандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан