Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарда Конституциялык палатанын соту Жедигер Саалаевдин кызы Эльзат Жедигерова менен Айзат Дастанова аттуу кыздын ортосунда болгон окуя кызуу талкууга алынган эле. Анда Эльзат Жедигерова курбусу экөө кинотеатрга барып, ал жактан Айзат Дастанова менен орун талашып уруша кетишкен.
Мындан улам Эльзат Жедигерова “Айзат Дастанова чачымдан кармап, чаап-тепти. Эки айдан ашса да жулунган чачымдын ордуна чач өсө элек” деп арыз жазган эле.
Ошол учурда Айзат Дастанова да Эльзат Жедигерованын акча сурап жатканын айтып, үстүнөн милицияга арызданган болчу.
Бүгүн, 30-июнь күнү Айзат Дастанова SUPER.KG порталына эки тарап элдешип алышканын айтты.
“Кичинекей окуя чоң чырга айланып кетти. Иш жакын арада бүтчүдөй эмес. Мындан улам эки тарап макулдашып, элдешип алууну туура көрдүк. Азырынча тосмо арыз жаза элекпиз”, - деди Айзат Дастанова.